ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь акимиаты райондун баатыр энелерин куттуктады

Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов  райондун баатыр энелерине “Баатыр эне” орденинин китепчесин жана “Эне Даңкы” медалынын күбөлүгүн  тапшырды.

Куттуктоо сөзүндө Октябрь районунун башчысы Болот Алымкулов энелердин келечек муунду тарбиялоодо, мамлекетти өнүктүрүүдө  орду  жана салымы зор экендигин белгиледи. Ошондой эле, бекем ден соолук, үйбүлөлүк бакубат жана узак өмүр каалады.


Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жети жана андан ашык баланы тарбиялаган энелерге Баатыр Эне ордени менен сыйлоо жөнүндө” жана “Алты баланы төрөп өстүргөн энелерге Эне Даңкы медалын менен сыйлоо жөнүндө” указын аткарууда өткөрүлдү.