ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы борбордук “Ала-Тоо” аянтына ифтар өткөрүүгө уруксат бербейт

Бир нече күн мурун электрондук ММКларда “Ала-Тоо” аянтында 100 ашык адамга ифтар уюштуруу тууралуу маалымат чыккан.

Иштарды өткөрүү үстүбүздөгү жылдын 15-июлуна пландалып, активисттер улуттук бешбармак тамагын таратмак.


Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалымат боюнча, өткөн 2014-жылга салыштырмалуу бул жылы уулануулар 128% жогорулаган. Бул себептен тиешелүү шарттары жок жерлерге көчмө соодаларды жана массалык тамактанууларды уюштуруу сунушталбайт.


Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын “Калктын тарыхый-маданий объектилерин колдонуу жана коргоо жөнүндө” мыйзамы бар. Буга ылайык калаанын борбордук бөлүгүндө, анын ичинде “Ала-Тоо” аянтына мындай иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.


Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы борбордук “Ала-Тоо” аянтына чоң ифтар өткөрүүгө урусат бербейт.


Иш-чаранын демилгечиси Нурбек уулу Ормонго түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.