ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы жол белгилерин түшүрүү боюнча түнкү көчмө жыйын өткөрдү

Мэриянын жетекчилиги Манас проспектисине жол белгилерин түшүрүү боюнча түнкү көчмө жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө бөдрөтчү фирма «Максат» ЖЧК фирмасынын башкы директору Максат Жоошбеков түшүрүлгөн жол белгилеринин өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымдады.


«Биздин климаттык шартты эске алып, россиялык АК-511 маркасындагы сырга ингредиенттер кошулду. Даярдоочу завод 20 миӊ унаага болжолдоп бир жыл кепилдик берет. Ал эми борбордо күнүнө 80 миӊдей унаа каттаганына байланыштуу биз 6 ай гана кепилдик бере алабыз»,-деди бөдрөтчү.


Капталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Султанбек Усенов бул жылы 17 магистралдык көчөлөргө жол белгилери түшүрүлөрүн, анын ичинде мектеп алдындагы жол белгилери жаӊыланарын белгиледи.


Ошондой эле, Капиталдык курулуш башкармалыгы бул жылы жол белгилери азыр жана кеч күздө эки жолу жаӊыланарын кошумчалады. Жол белгилерин түшүрүү советтик мезгилдегидей бардык стандарттарга жооп берет.


Жыйынга Бишкек шаарынын вице-мэри Бактыбек Дюшембиев, Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.