ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы калаа мектептеринин окуучуларына шаардын сыртына чыгарып эс алуу уюштурууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы калаа мектептеринин окуучулары үчүн шаар сыртына чыгып  эс алуу уюштурууда.

Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Келечек» лагерине 2015-жылдын июль-августь айында социалдык жактан корголбогон үйбүлөлөр-жетимдер, жарым жетим, аз камсыздалган үйбүлөлөрдүн балдары, көп балалуу үйбүлөлөрдүн балдары жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар эс алышат.


Балдарды лагерге жиберүү 2 агым менен өткөрүлөт. 1-агым 2-12-июль, 2-агым 8-18 июлда.


Лагерлердин иштөө режими балдардын ден соолугун бекемдөө, ооруларды алдын алуу жана сергек жашоого үндөө багытында өткөрүлөт.