ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов акимиаты медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Свердлов райондук администрациясынын жыйын залында Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага дарыгерлер, райондун саламаттыкты сактоо мекемелеринин директорлору жана өзгөчөлөнгөн кызматкерлер катышты.


Чакырылгандарды Свердлов райондук администрациясынын биринчи орун басары Василий Красильников жана социалдык маселелер боюнча башчынын орун басары Чынара Борбашева куттуктап, талыкпаган эмгеги үчүн ыраазычылыктарды билдиришти.


Жемиштүү, активдүү жана көп жыл эмгектенген дарыгерлер Свердлов райондук администрациясынын Ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышты.