ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарды аныктоодо

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө Красная көчөсү, №4 үйүнү ээси тарабынан аймактын түштүк-батыш тарабына курулуш жана кургак тиричилик таштандылары башаламан ташталгандыгы аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ кызматкерлери тарабынан аталган даректин ээси Кошоков Ж.нын атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.