ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Петербургдуктар кургак тиричилик таштандыларын керекке жаратуу тажрыйбасы менен бөлүштү.

Жолугушууда тараптар таштандыны керекке жаратуу, тарифтер, жеке чыгаруу жана заводдун артыкчылыгы тууралуу суроолорду талкуулашты.

Ишкана таштандыны иргөөдө 10 позицияны колдонот – текстиль, макулатура, сүрөт макулатура, ачык түстөгү металл, жогорку сапаттуу полиэтилен, төмөн сапаттуу полиэтилен  жана ачык түстөгү  полиэтилентерефталат.


КТКды кайра иштеп чыгаруучу завод калдыктарды жыйнайт, чыгарат, көмөт жана зыянсыздандырат.


Ишкананын директору Александр Засядь-Волктун айтуусу боюнча, заводдо 300 кызматкер жана 44 атайын техника иштейт. Келечекте иргөө тармагы кеӊейтилип, штаты көбөйөт. Азыркы учурда КТКды чыгаруу жана иргөө тарифи бир чарчы метри үчүн 3 рубль 64 тыйынды түзөт.


Аталган завод 1996-жылдан бери иштейт. Шаардын 5 км аралыкта түндүк бөлүгүндө жайгашкан. Заводдун аянты 20 гектарды түзөт.


Жолугушууга «Тазалык» ишканасынын директору Рыспек Сарпашев жана заводдун өндүрүш башчысы Александр Назарюк катышты.