ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Санкт-Петербург шаарына расмий сапарынын алкагында бир канча шаардык ишканаларга барды

Мүлктүк мамиле комитетинин төрагасынын орун басары Марина Янкина менен  жолугушууда Санкт-Петербург шаарынын мамлекеттик мүлк боюнча иштердин жүрүшүн автоматизациялоо маселелери жана базар жана унаа токтоочу жайлардын иштерине мыйзам чыгаруу негиздери талкууланды.

«Горэлектротранс»тын жетекчисинин кеӊешчиси Сергей Китаев   ишкананын иши тууралуу айтып берди.


Сергей Китаевдин айтуусу боюнча, Санкт-Петербург экологиялык унаага басым жасоодо, айрыкча трамвайлар жана газ автобустарына. 2014-жылы жүрүүчү состав жаӊыртылган.


«Биз троллейбустарга басым жасап, электр унаасын өнүктүрүүнү пландаштыруудабыз»,- деди мэр Кубанычбек Кулматов.


Сергей Китаев бийик полдуу троллейбустарга көӊүл бурууну сунуштады. Ал эми келечекте трамвай жолдорун, анткени калктын санынын өсүшү менен көп орундуу унаа керектелет.


Жолугушуунун аягында Кыргызстандын борбор шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Бишкек шаарына Санкт-Петербургдун шаардык кызматтарынын адистерин тажрыйба бөлүшүүгө чакырды.