ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Санкт-Петербург шаарынын губернатору Георгий Полтавченко менен жолукту

Санкт-Петербург шаарында Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов менен Санкт-Петербург шаарынын губернатору Георгий Полтавченко менен расмий жолугушуусу болуп өттү.

Жолугуушунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын перспективаларын талкуулашты.  


Санкт-Петербург шаарынын башчысы Георгий Полтавченко Бишкек шаарынын делегациясы менен амандашып, калыптанган  Бишкек менен болгон байланыштарды улантуу ниетин билдирди.


Өз кезегинде Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов губергаторго жылуу сөздөрү үчүн, меймандос кабыл алуусу үчүн ыразычылыгын билдирип, бир туугандык мамилени сактап, андан ары улантууга тилектештигин белгиледи.


 «2012-жылы кол коюлган соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданият тармагында кызматташтык келишимин жаӊыртып, бир нече приоритеттүү учурларды иш жүзүнө ашырууга басым жасоого даярбыз. Ал эми соода-экономикалык мамилелер тармагында да болгон ар кыл жолдорду иштеп чыгууга даярбыз»,- деди калаа башчысы.


Кубанычбек Кулматов Петербургдун бийлигине шаардык скверлердин бирине биздин улуттук сыймыгыбыз болгон жазуучубуз Чыӊгыз Айтматовдун аты берилгендиги үчүн өзгөчө ыраазычылык айтты.


«Мен Бишкек күндөрү жогорку дэӊгээлде өтүп, кыргыз артисттери көрсөткөн программа петербургдуктардын купулуна толуп, жүрөктөрүнөн орун алат деп ишенем»,- деп кошумчалады Георгий Полтавченко.


Аталган жолугушууга Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова жана Санкт-Петербург шаарынын вице-губернатору Олег Марков катышты.