ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунда балдар үчүн сууга түшүү мезгилинин ачылыш болуп ѳттү

«Ала-Тоо» эс алуу борборунда Октябрь районунун балдары үчүн сууга түшүү мезгилинин салтанаттуу ачылышы ѳткѳрүлдү.

Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов жана Бишкек шаардык кеңешинин тѳрагасы Марат Аманкулов балдарды сууга түшүү мезгилинин ачылышы менен куттуктады.


Андан кийин катышуучулар жомок каармандарынын катышуусунда чоң театралдаштырылган кѳрсѳтүүгѳ күбѳ болушту.


Балдар үчүн үч бассейн жана балдар аттракциону берилди. Ар бир бала унутулгус эмоцияга кабылып, оюн-зоок программалардан жана сууга түшүүдѳн ырахат алышты.


Майрамдын соңунда балдарга сууда сүзгүч жилет, топтор жана башка түрдүү белектер тапшырылды.