ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаа мэри Кубанычбек Кулматов Россия жана Борбордук Азия боюнча ЕРӨБ инфраструктурасынын департаментинин өкүлдөрү менен жолукту

Мэриянын жыйын залында Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов  Россия жана Борбордук Азия боюнча ЕРӨБ инфраструктурасынын департаментинин  өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап Бишкек шаарынын инфраструктуралык тарабынын  учурдагы жана келечектеги долбоорлорду талкуулашты.


Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкынын Инфраструктура департаментинин башкаруучу директору Томас Майер Бишкек шаары ири долбоорлордун саны  боюнча лидер экендигин белгиледи. ЕРӨБ менен кызматташуу бир нече багытта жүргүзүлөт. Алар: Кыргыз Республикасындагы инфраструктуралык инвестиция жана портфелдин бөлүгү болгон «Суу менен жабдуу тутумун жакшыртуу», «Кургак тиричилик таштанды башкаруу тутумун жакшыртуу» жана «Шаардык жарыктандырууну жакшыртуу» деп аталат.


«Биз кызматташтыктын жүрүшү менен ыраазыбыз. Биз мэриянын кызматкерлеринин жогорку деңгээлдеги профессионалдуулугу менен да ыраазыбыз. Учурдагы жана болочоктогу долбоорлорду ишке ашырууну чыдамсыздык менен күтүүдөбүз. Сиздерге биз үчүн, сиздер үчүн жана албетте, шаар тургундары үчүн пайдалуу болгон жемиштүү кызматташтык үчүн терең ыразычылык билдиребиз»,- деди Томас Майер.


Аталган жолугушууга Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, вице-мэрдин милдетин аткаруучу Алтынай Өмүрбекова, Геннадий Милицкий, Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкынын Инфраструктура департаментинин башкаруучу директору Томас Майер, Россия жана Борбордук Азия боюнча ЕРӨБ Инфраструктура департаментинин директору Екатерина Мирошник, Кыргыз Республикасындагы Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкынын Туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Лариса Манастырли, ЕРӨБдүн алдыңкы банкири Талай Асылбеков, Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Альмира Гинятулина, Шаарды өнүктүрүү агенствосунун директору Азамат Усубалиев жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.