Бишкекте үчүнчү ирет «Китеп кербен» акциясы ѳткѳрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 23.06.2015 16:43
Биринчи май районунун «Кѳлмѳ» конушунун №78 мектеп-гимназиясында үчүнчү ирет «Китеп кербен» акциясы болуп ѳттү.
Иш-чаранын жүрүшүндѳ мыкты сүрѳт, кѳркѳм окуу, «Табышмактар дүйнѳсүндѳ» жана «Керемет талаа» билим берүүчү конкурстары уюштурулуп, стол тенниси жана спорттук оюндар ѳткѳрүлдү.
Чакырылгандар үчүн Биринчи май районунун Балдар чыгармачылык борборунан концерттик программа тартууланды.
Бардык катышуучуларга англис тил сабактарын камтыган дисктер, китеп, калем, альбомдор жана башка белектер тапшырылды.
«Китеп кербен» балдарды китеп окууга үндѳѳ максатында ѳткѳрүлүүдѳ.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
03.12.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |