ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунда «Ынтымактуу короо» акциясы ѳткѳрүлдү

Биринчи май районунун Исанов-Бѳкѳнбаев кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде  жайгашкан үйдүн короосунда «Ынтымактуу короо» иш-чарасы болуп ѳттү.

Долбоор жашоочулардын колдоосунда Социал-демократиялык партиясы тарабынан ишке ашууда.


Акциянын жүрүшүндѳ кичинекей жашоочулар жана алардын ата-энелери үчүн Биринчи май районунун Балдар чыгармачылык борборунун жамаатынан концерт тартууланды.


Биринчи май районунун Дене тарбия комитетинин жана жашоочулардын күчү менен аталган үйдүн короосунда мелдеш уюштурулуп, табышмактар, чыгармачылык конкурстар, оюндар, «Fire Show» жана «БУМ» жергиликтүү чыгармачылык жамаатынын театралдык кѳрсѳтүүсү кѳрсѳтүлдү.


Акция слайддарды кѳрсѳтүүсү  жана каалоочулар үчүн бий уюштуруу менен аяктады. Аталган иш-чара короонун 25 жылдык мааракесине туш келип, жашоочуларга майрамдык маанай  тартуулады.


Эскерте кетсек, акция үстүбүздѳгү жылдын 19-июнунда Д.Асанов атындагы сейил бакта башталып, калаанын 80 үйүнү короосунда ѳткѳрүлмѳкчү.