ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын соода түйүндөрү кайрадан санитардык нормаларды бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө Кулиев көчөсү, №3 дарегинде жайгашкан сүт азыктарын сатуу пунктунун айланасы антисанитардык абалга жеткендиги аныкталды.

Мындан тышкары, таштандылар өрттөлүп, шаарды көрктөндүрүү эрежелери бузулган.


Текшерүүнүн жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан пунктун ижарачысы Маматова Ж.М. атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.