ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунда балдарды жана өспүрүмдөрдү май айындагы каттоо боюнча коллегия болуп өттү

Район башчысы Аскербек Алиевдин жетекечилиги алдында Биринчи май акимиатынын имаратында мектеп жашындагы балдарды жана өспүрүмдөрдү май айындагы каттоо боюнча коллегия өткөрүлдү.

Коллегиянын жүрүшүндө райондун аймагындагы балдарын ден соолук чыңдоочу жайкы эс алуусун өткөрүү жана өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу маселелери талкууланды.
Райондук администрация тарабынан МАБдардын башчыларына жана билим берүү борборунун директоруна райондогу мектеп жашындагы балдарды каттоо боюнча сапаттуу иштерди жүргүзүү буйругу берилди.


Аталган коллегиянын жүрүшүндө райондун  билим берүү борборунун директору аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.


Берилген маалыматтардын негизинде коллегиянын мүчөлөрү №15 МАБдын башчысына керектүү көзөмөл жүргүзүлбөгөндүгү үчүн, ошондой эле, МАБдын башкы адисине сапаттуу иш алып барбагандыгы үчүн сөгүш берилди.


Мектеп алдындагы лагерлердеги балдардын жайкы эс алуусунун жүрүшү боюнча райондук билим берүү борборуна, жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жана ИИБнын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлоруна такталган план боюнча ишти жүргүзүүнү, балдардын көңүл ачуусу үчүн музей, театр, эс алуу парктарына барууну уюштуруу жүктөлдү.


Мындан тышкары, район башчысы мектеп алдындагы лагерлердин кызматкерлерине  тамактадырууну уюштурууда көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди. Лагер окуучуларнын коопсуздугун камсыздандыруу жана өрткө каршы коопсуздукту сактоо  боюнча чараларды көрүү тапшырылды.


Райондун Ички иштер башкармалыгы коопсуздукту сактоо үчүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлорун, аймактык инспекторлорду жана кызматкерлерди бекитет.

Жыйындын соңунда район башчысы  билим берүү борборуна, мектептердин директорлоруна, райондун ИИБна  бүтүрүү кечелерин өткөрүүдө бүтүрүүчүлөр арасында коомдук жайларда өзүн-өзү алып жүрүү нормаларын жана коопсуздук чараларын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.


Коллегияны жыйынтыгында аким бардык катышуучуларды кирип келген ыйык Рамазан айы менен куттуктап, тынчтык каалады.

Аталган коллегияга МАБдардын башчылары, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери, райондук кызматтар, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору жана райондун активдери катышты.


Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Мектеп жашындагы балдарды жана өспүрүмдөрдү каттоодон өткөрүү боюнча инструкцияны бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде өткөрүлдү.