ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык медицина мри Чүй облусунун калкын тейлөөдө

Шаардын №1,5,12,14 үй-бүлөлүк медицина борборлору калаа тургундарын гана эмес, Чүй облусуна чектеш жайгашкан айылдардын жашоочуларын тейлөөдө.

№1 үй-бүлөлүк медицина борборунун аймагына 105 миң адам катталган 7 жаңы конуш кирет, бирок тейлеген калктын саны 132 миң адамга жетет. Тейлөө радиусу 20-30 кмди түзөт.

№12 үй-бүлөлүк медицина борборунун тейлөө аянты 240 километр чарчыны  түзөт, 77 миң адам жашайт, 76 миң 258 адам катталган. Аймакка чектеш Сокулук районунун Орок, Күн-Туу, Селекция, Ала-Тоо №1, Ала-Тоо №2, Ак-Ордо айылдары жайгашкан. Аталган жашоо пункттарынан №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 2 миң адам катталган, 2013-жылдын май айынан бери 120 адам менен типтүү келишим түзүлгөн.

№14 үй-бүлөлүк медицина  борборунун аймагы Аламүдүн районунун “Дордой 2”, “Ак-Жар”, “Адилет” айылдары менен чектешет, калкы 14 миң адамды түзөт. Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун негизинде Аламүдүн районунун “Ак-Жар” жаңы конушу №14 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна бекитилген.

Бишкек аймактык башкармалыктын милдеттүү медициналык коопсуздук фонду катталган гана адамдарды каржылайт, бирок үй-бүлөлүк медицина  борбору кайрылган адамдардын баарын тейлейт.

“Мамлекеттик-жеке өнөктөш жөнүндө” мыйзамына ылайык ар бир медициналык мекеменин жетекчиси мекеменин материалдык-техникалык базасын оңдоого  өз алдынча инвестор табууга укуктуу.  

№1 үй-бүлөлүк медицина борборунун администрациясы түзгөн келишимдер:
-“ЦАДМИР” ЖЧК менен жеке флюорографиялык шаймандарды алып келүү боюнча;
-“Кардио +” ЖЧК менен ЭХО кардиограф алып келүү боюнча;
“Эргене” коомдук фонду менен “Маммограф” аппаратын орнотуу боюнча.

Бюджеттин мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен шаардын саламаттыкты сактоо мекемелери “Мамлекеттик-жеке өнөктөш жөнүндө” мыйзамынын алкагында материалдык-техникалык базасын чыӊдап, коомго сапаттуу  медициналык жардам көрсөтүү багытындагы иштерин улантмакчы.