ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

БИРИНЧИ МАЙ РАЙОНУНДА МЕКТЕП АЛДЫНДАГЫ ЛАГЕРЛЕРДИН КАТЫШУУЧУЛАРЫ АРАСЫНДА СПАРТАКИАДА ӨТҮҮДӨ

Биринчи май районунун №19 мектебинин базасында мектеп алдындагы лагерлердин катышуучулары арасында спартакиаданын ачылышы болуп  өттү.

Спартакиада 2015-жылдын 17-22-июнь аралыгында өтөт жана ага 9 мектептин командалары катышат.

Иш-чара ден соолукту чыңдоо жана чыгармачылык өнүгүүгө  үгүттөө, балдардын каникулун рационалдуу пайдалануу, ошондой эле,  коопсуз жана толук кандуу эс алуу шарттарын камсыздоо максатында өтүүдө.

Эс алып жаткан балдар мини-футбол, жеңил атлетика, аркан тартыш, сууда сүзүү, кыймылдоочу оюндар боюнча таймашышат.

Белгилей кетсек, мектеп алдындагы лагерлерге биринчи кезекте жашоо-шарты оор балдар алынат.