ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СВЕРДЛОВ РАЙОНУНДА ЖАРАНДЫГЫ ЖОК АДАМДАРДЫ КАТТОО БОЮНЧА ТРЕНИНГ БОЛУП ӨТТҮ

Свердлов районунун МАБ, үй, кварталдык комитеттер жана турак-жай ээлеринин шериктештигинин төрагалары үчүн “Жарандыгы жок адамдарды азайтуу жана алдын алуу” темасында тренинг өткөрүлдү.

Тренингди БУУнун качкындар боюнча Жогорку Комиссар Башкармалыгы долбоорунун координатору жана  «WESA» ассоциациясынын өкүлдөрү өткөрүштү.


Тренингдин жүрүшүндө БУУнун качкындар боюнча ЖКБ  долбооруна туш келген жарандыгы жана документтери жок адамдарды азайтуу боюнча максаттар аныкталды.
 
Райондук администрация тарабынан МАБ, жаңы конуштар, жана “Дордой”, “Аламүдүн базары” ири соода борборлорунда мобилдүү топторго жер бөлүп берүү боюнча маселе чечилди.

Муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери ушул категориядагы адамдардын тизмесин аныктоо жана түзүү боюнча иштерди башташты.
 
Семинар Бишкек шаарынын мэриясынын долбоорун БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссар башкармалыгы жана КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирге ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.