ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Урматтуу шаар тургундары жана коноктор!

Сиздерди Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм!

Ыйык Орозо айы бизге ынтымакты, биримдикти алып келип, өлкөбүздүн  гүлдөп өсүшүнө өбөлгө түзөт деген ишенимдемин. Ыйык Орозо  айы жалпыбызды мээримдүүлүккө, боорукерликке, кайрымдуулукка чакырып, коомубуздагы айрым жат көрүнүштөрдөн арылууга түздөн-түз чакырык кылат. Ошондуктан, Сиздер орозо кармоо менен жакшылыкка жарчы болуп турасыздар.

Калкыбыз эзелтеден эле улуусун урматтап, кичүүсүн сыйлаган, ата-энесин кадырлаган, ар-намысты туу туткан даанышман эл болгон.  Биз баардыгыбыз, ыйык рамазан айында эле эмес, дайыма ынтымакта, биримдикте болуп, элибиздин кызыкчылыгын бийик тутуп, алдыбызга ыйык  максаттарды койсок –  улуу эл болобуз. Сиздердин касиеттүү рамазан айындагы тунук тилектериңиздер да ушул максатка багытталгандыгына терең ишенемин.

Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын коноктору!

Элибиздин аманчылыгына, жакшылыктарына, өлкөбүздүн ийгилигине арнаган тилегибиз аткарылып, жалпы кыргыз эли ынтымак менен жаркын келечекке карай алгалай берсин, мекенибиз – касиеттүү кыргыз жергесинде жакшылыктын оту эч качан өспөсүн.

Сиздерди дагы бир жолй ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктайм! Баардыгыңыздарга чың ден-соолук, үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш, ийгиликтерди  каалайм.