ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Китепканадагы жайкы көркөм китеп окуу өткөрүлдү

Бишкек шаардык Маданият жана туризм башкармалыгынын алдындагы шаардык борборлоштурулган китепканалар тармагында балдардын жайкы мезгилиндеги эс алуу убагында көркөм окууга тартуу максатында «Китепканадагы жайкы көркөм китеп окуусу» башталды.

БШБКТнын директору К.ДЖ. Дандыбаева балдарды жайкы эс алуу каникулу менен куттуктап, жаш окурмандарга китепканада өтүлүп туруучу иш-чараларга катышып, өздөрүнүн билим деңгээлдерин жогорулатууга, пайдалуу кеңештерди алууга, тил маданиятын өркүндөтүүгө китеп окуунун пайдалуулугун белгилеп, китеп окууга үндөдү.

Балдар арасында акыл – таймашы, сүрөт конкурсу, көркөм окуу, жатка айтуу уюштурулуп, баардык катышуучуларга белектер берилди. Акырында балдар үчүн мультфильмдер көрсөтүлдү.