ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Улуу Ата Мекендик согуштун жана оруктун ардагерлерине гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Бишкек шаарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда Улуу Ата Мекендик согуштун жана оруктун ардагерлерине Түштүк Кореяда өндүрүлгөн “ЕДБ Эсозол” дарылары берилди.

Дары-дармектер ЕДБ” компаниясынын филиалынын жетекчиси тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 70 жылдыгынын алкагында борбор калаанын 4 саламаттыкты сактоо координаторунун катышуусунда тапшырылды.

Иш-чараны “ЕДБ” филиалынын башкы директору Отэ Хенг ачып,  өз сөзүндө “ЕДБ” компаниясы бир гана ардагерлерге гана эмес Кыргызстандын жалпы элине жардам бергени жана гуманитардык акцияларга катышууга даяр экендигин белгиледи.

Башкы директордун орун басары Гүлмира Сулайманова Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун өкүлдөрүнө “ЕДБ Эсозол” дарысын тизме боюнча тапшырды.

“ЕДБ Эсозол” дарысы ашказан жарасына жана он эки эли ичеги ооруларын алдын-алат, Золлингер-Эллисон синдромун, ашказандын пептикалык жарасын дарылоодо колдонулат.

Аягында, калаанын саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкерлери көрсөтүлгөн жардамга ыраазычылык билдирип, мындан ары кызматташтык уланарына тилектеш экенин билдиришти. Ошондой эле, Кореялык компаниянын өкүлдөрүнө дарылар өз дарегине жеткирилери тууралуу убада беришти.