ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ленин районунун акими мектеп алдындагы лагерлердин ачылыш аземине катышты

Ленин районунун акими Аскар уулу Мирлан райондогу мектептердин алдында лагерлердин ачылышына катышты.

Ленин районунун 12 мектебинин базасында социалдык коргоого муктаж үй-бүлөлөрдөн бир миңден ашуун балдарды камтыган ден соолук чыңдоочу жайкы эс алуу уюштурулду.


Балдардын убактысын көңүлдүү уюштуруу максатында спорттук, көңүл ачуучу иш-чаралар, ар кандай ийримдер жана спорттук секциялар каралган.


№72, 74, 77, 84, 55 жана 93-мектептердин базасында Ленин районунун балдар чыгармачылык борбору тарабынан ийримдер уюштурулат.


Ал эми жаш техниктер станциясы №7, 55, 74-мектептердин окуучулары менен ийримдерди иштетишет.


Жайкы лагерлердин учурунда асфальтка сүрөт тартуу сынагы, спорттук мелдештер, жол кыймылына арналган «Светофор менин мыкты досум» жана «Коопсуздук кыймылы» оюндары өткөрүлөт.