ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү

Бишкек мэриясында Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун жетекчилиги астында ыкчам штабдын жыйыны өткөрүлдү.

Жыйында калаа башчысы кырсык кесепеттерин ыкчам жоюуда шаардык кызматтарга ыраазычылык билдирди.


«Шаардык кызматтар күтүлбөгөн кырсык учурунда ыкчам иш алып барышты. «Тазалык» жана «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканалары түнү бою эс алуусуз иштегендиги үчүн  өзгөчө ыраазычылык билдирем»,-деди калаа башчысы.


Жыйындын жүрүшүндө  калаа башчысы калааны электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча «Түндүкэлектр» жана «Чыгышэлектрдин» ыкчам маалыматтарын укту. Ведомстволордун өкүлдөрү кемчиликтерин тез арада жоёрун белгиледи. Азыркы учурда «Түндүкэлектр»  ААКнун 93 ыкчам-көчмө электромонтер топтору иштөөдө, анын ичинде Бишкекте 33 бригада.

МАИ өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча катуу шамалдан 35 жол чырагы бузулган, анын ичинен 15 электр энергиясынын жоктугунан азыркы учурда иштебейт.

Муниципалитет башчысы тез арада кемчиликтерди жоюу тапшырмасын берди.

«Бардык тиричилик көйгөйлөрү тез арада чечилиши керек»,-деп белгиледи мэр.

Жыйында саат 18:00 – 21:00 чейин массалык ишембилик уюштуруу сунушу киргизилди.
 
“Шаардык муниципалитет түнү бою шаардын борбордук көчөлөрүн тазалады, күндүз калган көчөлөрдү тазалады. Иш-аракеттер шаар таза болмоюнча улантылышы керек”, - деди вице-мэр Алтынай Өмүрбекова.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жарнама такталарынын техникалык абалы тууралуу маселени көтөрдү.

“Кечээки шамал алардын анык техникалык жүзүн көрсөттү. Жарнама такталары боюнча чара көрүү мезгили келди”, - деди мэр.

Мындан тышкары,  техникалык текшерүү комиссиясын түзүү жана убактылуу уруксат кагаздарын берүүнү токтотуу сунушталды. Муниципалитет мындан ары жарнама такталарынын техникалык абалын катуу көзөмөлдөнөрүн жана Г- үлгүсүндөгүлөрдү коопсуз варианттарга алмашылары белгилүү болду. Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекцияга бардык объекттер боюнча техникалык экспертиза өткөрүү тапшырмасы берилди.