ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунун башчысы кезектеги жыйынын өткөрдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук администрациясында район башчысы Болот Алымкулов, Октябрь районунун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана МАБдардын башчыларынын катышуусунда пландык жыйын өткөрүлдү.

Күндүн темасында шамал кесепеттерин жоюу талкууланды.


Жыйында райондук бөлүмдөрдүн жана түзүмдөрдүн жетекчилеринин кыскача докладдары окулду.


Райондун башчысы кырсыктын кесепеттерин жою иштерин жүргүзүүдө кетирилген кемчиликтер боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Октябрь райондук бөлүмүнө жана жыйынга келбегендиги үчүн чыгыш РЭСтин башчысына эскертүү берди.

«Тазалык» жана «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканаларына муниципалдык аймактык башкармалыктар менен эффективдүү кызматташуу тапшырмалары берилди.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы БУУ менен биргеликте калаадагы жарандыгы жана документтери жок адамдарды катоо жана документ жасап берүү долбоорун  ишке ашыруу механизми талкууланды.

Катышуучуларга долбоорду  укук коргоо боюнча эл аралык кеңешчи Викинтас Лидейкис  жана аталган долбоордун Бишкек шаары боюнча координатору Гульнара Баймамбетова тааныштырды.