ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык кызматтар түнү бою кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүштү

8-июнда кечке маал катуу шамал башталганда Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов кырсыктын кесепеттерин жоюу  боюнча ыкчам штаб түздү.

Бардык шаардык кызматтар жана райондук администрациялар ишке киришип, ар бир аймакка тиешелүү ыкчам топтор түзүлүп, ар бир көчө, кварталдарды кыдырып кырсыкты жоюу иш-аракеттери түнү бою жүргүзүлдү.


“Жашылдандыруу” МИнин маалыматы боюнча, шамалдын кесепетинен 80 бак-дарак кулап түшкөн. 10 бак-дарак үйлөргө кулаган жана 12 автоунаа жабыркаган. Учурда жарандардан кайрылуулур келип түшүүдө. Учурда  9 борттолгон автоунаа, 1 манипулятор, 4 автомунара жана “Жашылдандыруу” МИнын 80ден ашуун кызматкери иштөөдө.

“Бишкексвет” маалымдагандай, 74 авариялык кырдаал катталган, алардын 34 үзүлүү, 40 кыска үзүлүү. “Бишкексвет” МИнын 3 автомунара, 3 жеңил унаа менен бригада, 2 күзөт бригадалар ишке берилди. 30% авариялык кырдаал жөнгө салынды. Эртең менен 26 жол чырак иштебей жаткан, алардын ичинен 7 жол чырак электр түйүндөрүнүн өчүрүлгөндүгүнө байланыштуу.

Батыш РЭТте 1 столба кулап түшүп, 35 электр зымдары үзүлгөн. Чыгыш РЭТте жогорку вольттогу зым үзүлгөн. Жалпысынан 9 кайрылуу келип түшкөн.  


“Тазалык” МИ маалыматы боюнча, көчөлөрдү тазалоого 14 суу чачуучу унаа, 12 самосвал, 30 атайын унаа чыккан. Ошондой эле,  ишкананын 60 кызматкери шаарды тазалоодо.


Ошондой эле, жарнама такталарынын кулап түшүүшү боюнча кайрылуулар келип түшкөн. 9-июнга караган түнү Горький көчөсүндө “ОССЕ” ишканасына таандык жарнама тактасы алынды. Жарнама ээси жарнама тактасынын алдында калган автоунааларга компенсация төлөө боюнча жоопкерчиликти алды. Бардыгы 5 жарнама такта алынды.

Жалпысынан жөнгө салуу иштери уланууда, бардык жумуштар бүгүн аягына чыгат.