ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада курулуш жана жолдорду оңдоо боюнча көчмө жыйын өттү

Бишкек шаарында жолдорду оңдоо жана курулуш иштеринин жүрүшүн текшерүү максатында көчмө жыйын уюштурулду.

Аталган жыйындын жүрүшүндө калаа башчысы Кубанычбек Кулматов Кыргыз Республикасынын премьер-министри Темир Сариевге курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди.


Калаа башчысынын айтымында, жолдорду оңдоонун сапаты жана мөөнөтү боюнча такай көзөмөл жүргүзүлөт.


Мэр бөдрөтчүлөрдү тандоодо чен белги катары мөөнөт кепилдигине маани берилгендигин белгиледи.


«Биз азыр 2-3 жылга берилген кепилдик менен иштеп жатабыз, ушул жылдын 1-сентябрына жол иштерин бүтүрүүнү пландаштыруудабыз»,-деди мэр.


Ошондой эле, мэрия жетекчилиги азыркы «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын профилин калаа жолдорун жыл ичинде үзгүлтүксүз көзөмөлдөөчү тармагына өзгөртүү чечимин кабыл алды. «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын техникасын жаңылантууга муктаж болгон 2 цементтик заводу бар.


Азыркы учурда ишкананын профилин өзгөртүү боюнча  тийиштүү жол-жоболор каралып жатат.


Иш жыйынынын жүрүшүндө төмөнкү объектилер текшерилди:


- чуңкурларды жабуу иштери жүрүп жаткан Кайназарова-Профсоюзная көчөсү.  


- асфальттын экинчи катмары төшөлүп  жаткан  «Ала-Тоо» конушу.


- Гагарин көчөсүндөгү жол кыймылын азайтуу максатында түштүк магистралына чыгуу үчүн улантылып жаткан  Лущихин көчөсүнүн толук куруу иштери.


-  Махатма Ганди көчөсүндөгү толугу менен кайра куруу иштери.  Азыркы күндө жер иштери жүрүп жатат.


- Ибраимов көчөсү (батыш тарабы) – учурда коммуникациялык тармак жана ирригация өткөрүү иштери жүрүүдө. Объект июндун аягында иштетүүгө берилет.


- Ауэзов көчөсү –толугу менен кайра курулууда.


Калаа көчөлөрүн куруу кытай гранты, шаардык бюджет жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү бөлүп берген каражаттын эсебинен жүргүзүлүүдө.