ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы «Балдарга камкоордук жѳнүндѳ» акциясын уюштурду

Октябрь райондук администрациясы  жашы жете элек ѳспүрүмдѳр инпекциясы жана №6 ҮМБ менен биргеликте Балдарды коргоо күнүнѳ карата «Балдарга камкоордук жѳнүндѳ» акциясын уюштурду.

Балдар үчүн №6 ҮМБда акысыз медициналык текшерүү уюштурулуп, 20дан ашык жашы жете элек ѳспүрүмдѳр катышты. Аларга тиш доктур, ЛОР, окулист, терапевт, кардиология жана башка кызматтар кѳрсѳтүлдү.


Балдар жана чоңдор арасында аныкталган ооруларды алдын-алуу жана ден соолукту бекемдѳѳ боюнча иш-чаралар Октябрь районунда биринчи жолу эмес. Мындай иш-чаралар улана берет.