ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунда спорттук аянтча ачылды

Октябрь районунун “Алтын-Ордо” конушунда кичи-футбол үчүн спорттук аянтчанын ачылышы өткөрүлдү.

Салтанаттуу ачылышка АРИСтин өкүлдөрү, райондук администрация, ЖАБ жана жергиликтүү тургундар катышты.

Ачылыш аземинин соңунда 14 жашка чейинки балдар арасында футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Байгелүү орундарды алган жеңүүчүлөргө Октябрь райондук администрациясынан диплом, кубок жана баалуу белектер тапшырылды.

Мындан тышкары, Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов спорттук аянтка керектүү атрибуттарды жана топторду сатып алууга каражат бөлдү.

Спорттук аянтча Октябрь райондук администрациясынын жана  АРИСтин программасынын алкагында курулду.

Жыл башынан бери АРИС программасынын алкагында  Октябрь районунда эки универсалдуу спорттук аянтча эксплуатацияга берилди.

Жакынкы аралыкта Октябрь районунда дагы эки спорттук аянтчаны эксплуатацияга берүү пландалууда.