ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунун башчысы «Унаа чогултуучу завод» ачык акционердик коомунда болду

Октябрь райондук администрациясынын  башчысы райондун ири өндүрүш ишканалары менен таанышуу сапарын улантууда.

Райондун башчысы Болот Алымкулов Октябрь районунун өндүрүш ишканаларына көп көӊүл бөлөт.


Бул жолу да өндүрүш цехтери, чыгарылып жаткан өндүрүмдөр менен чоӊ кызыгуу менен таанышып чыкты.  


 «Завод өндүрүп жаткан азыктын сапаты жогорку деӊгээлде экен. Ишкананын атын таанытууда сапатын унутпоо керек»,- деди Болот Алымкулов.


Ошондой эле,  район башчысы заводдун жетекчилигине кардарларды тартуу үчүн заманбап маркетинг жүргүзүп, чыгарылган өндүрүмдүн тышкы келбетин көрктүү кылып, тейлөөнүн жаӊы жолдорун өздөштүрүү керек деп кеӊештерин айтты.


Маалымат: «Унаа чогултуучу завод» ААК 1996 жылы уюшулуп, 1992-жылга чейин бир миӊден өйдө жумушчу иштеген мамлекеттик ишкана болуп саналган. Бүгүнкү күндө кыйынчылыктарга карабастан, заводдо 100дөн ашык адам эмгектенип келе жатат.

«Унаа чогултуучу завод» ААК 4-6 тоннага чейин көтөрө алган трактодук прицептерди, таштанды ташыгыч унааларды, кургак тиричилик таштанды жана таштанды ташыгыч контейнерлерди, темир конструкцияларды иштеп чыгарат. Кыргызстанда суроо-талап анча чон эмес болгондуктан, көбүнчө Казакстан Республикасынын ишкерлери тапшырык жиберет.


2014-жылы товар продукциясынын көлөмү 47,5млн соду түзгөн. Ал эми 2015 жылга товардын көлөмү 49,8 млн сомду түзүшү күтүлүүдө.