ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы төрт эмди Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады

Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде төрөлгөн төрт эмди куттуктады.

Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов бактылуу үйбүлөнү майрамы менен куттуктап, белектерди тапшырды.


Ошондой эле, Ата-Түрк сейил багында Октябрь акимиаты уюштурган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Райондук администрациянын кызматкерлери балдарды Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктап, бактылуу балалык каалады.


Бардык катышуучулар үчүн Октябрь районунун балдар музыкалык ансамблисинин жана бий жамааттарынын катышуусунда концерттик шоу-программа тартууланды. Октябрь райондук администрациясынын атынан балдарга балмуздактар жана таттуулар таратылды.


Мындан тышкары, райондун аймагында балдар сүрөттөрүнүн көргөзмөсү өткөрүлдү.