ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада жолдорду ондоо иштерине байланыштуу кичиавтобустук кыймылдардын схемасы өзгөртүлдү

Бишкек шаарынын жолдорун куруу  жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу кичиавтобустар  кыймылынын схемалары өзгөртүлдү.

Махатма Ганди көчөсү боюнча Жибек-Жолу проспектисинен Баялинов көчөсүнө чейин төмөнкү автобусттук жана кичи автобусттук каттамдар өзгөртүлдү:


1.    №18 автобусттук каттам Жибек – Жолу проспектисине которулду жана Тоголок Молдо, Саадаев, Киргизская көчөлөрү менен каттап, андан ары схема боюнча каттайт;
2.    №143, 195, 225 кичиавтобустар Жибек – Жолу проспектисине которулуп,  Турусбеков, Баялинов, Тоголок Молдо, Көкчөтай көчөлөрү менен жүрөт;
3.    №206, №218 маршуттук каттамдары Жибек-Жолу проспектисине которулуп, төмөнкү көчөлөр менен каттайт: Фучик, Юбилейная, Мидин көчөсү боюнча “Көлмө” конушу аркылуу Ленская, андан ары схема боюнча;
4.    №290 каттамы Жибек-Жолу проспектисине которулду жана Турусбеков, Баялинов көчөлөрү боюнча каттайт;
5.    №133 каттамы Жибек-Жолу проспектисине которулду жана төмөнкү көчөлөр аркылуу каттайт: Манас, Ташкент, Исанов, Баялинов, Тоголок-Молдо, Көкчетай, андан ары схема боюнча;
6.    №270 маршуттук каттам  Пригородное айылы аркылуу төмөнкү көчөлөр боюнча каттайт: Мидин, Ленская, Фучик, Жибек – Жолу, андан ары схема боюнча;
7.    №145 маршуттук каттамы  Көкчетай жана Тоголок Молдо көчөлөрүнө которулду.

Ауэзов көчөсү боюнча Анкара көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин төмөнкү автобусттук жана кичи автобусттук каттамдар өзгөртүлдү:


1.    №7 автобусттук каттам “Рухий-Мурас” конушуна которулуп,  Анкара көчөсү боюнча каттайт;
2.    №29 автобусттук каттамы  Ауэзов көчөсүнөн чектетилип, Учкун кичи районунда каттайт;
3.    №166 маршуттук каттам Анкара көчөсүнө Тунгуч кичирайонуна чейин (АЗС) которулду;
4.    №188, 147, 154, 137, 251 маршуттук каттамдары “Рухий-Мурас” конушу аркылуу өтүп, Анкара, Нур-Тамчы, Радужная, Айбек – Ата көчөлөрү аркылуу жүрөт жанан андан ары схема боюнча.


Жукеев-пудовкин көчөсү боюнча Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки №144, 172, 243 маршуттук каттамдары Юнусалиев, Ахунбаев көчөлөрүнө которулду. Андан ары схема боюнча каттайт.