ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ ЖАШ БАЛДАРДЫ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ!

Бишкек шаарынын мэриясы Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрдү.

Иш-чара “Сейтек” улуттук чыгармачылык балдар борборунда өттү.

Майрамга ЧАЭС кырсыгынын куткаруучуларынын, интерулуттук аскерлеринин, 22 коомдук уюмдар, калыбына келүү борборлору жана 3 атайын мектептердеги ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, жалпысынан 600 бала чакырылды.

Жаш балдарды Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова куттуктады: “Кымбаттуу биздин балдар! Урматтуу ата-энелер! Бүгүн сонун күн. Бекеринен бул күндү балдарды коргоо күнү деп кабыл алышпаса керек. Анткени бүгүндөн баштап жайкы каникулдар башталат! Ошондой эле турмуштун кыйын кырдаалына кабылган балдарга колдоо көрсөткөн инсандарга ыраазычылык билдире кетейин. Балдарга тартуулаган камкордук, мээримдүүлүк жана сүйүү үчүн рахмат. Баарына ден-соолук, жагымдуу эс алуу жана бакыт каалайм”,-деди вице-мэр.

Андан ары иш-чараны музыкалык ансамбль, бий топтору жана цирк артисттеринин катышуусундагы концерт менен уланды.

Аягында бардык чакырылган балдарга таттуулар жана балмуздактар таратылды.

Ошондой эле, чакырылган конокторго концерттен үйлөрүнө чейин жеткирүү жүргүзүлдү. Жеткирүүнү балдарды куттуктоо иретинде шаардык таксимотор ишканасы уюштурду.