ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада Махатма Ганди көчөсүн кайра куруу иштери башталды

Үстүбүздөгү жылдын 28-майынан тартып Махатма Ганди көчөсүн кайра куруу иштерине байланыштуу Жибек-Жолу көчөсүнөн «Баят» базарына чейин унаа жолу жабылат.
29-майда атайын техника айдалып келип, куруу иштери башталат.

Шаар мэриясы ыңгайсыздыктарды жараткандыгы  үчүн кечирим сурайт жана унаа жолдорунда тыгындыларды болтурбоо үчүн алдын - ала альтернативдүү каттамдарды тандооңуздарды суранат.
 
Эскерте кетсек, быйылкы жылы кайра куруу иштери калаанын үч: Махатма Ганди, Ауэзов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүндө Кытай мамлекетинин 44,6 млн юаньды түзгөн грантынын эсебинен жүргүзүлөт.
 
Иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Валентина Лисниченко жана Ленин районунун акими Аскар уулу Мирлан катышты.