ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарында биринчи жолу тамчылатып сугаруу тутуму ишке ашырылды

Калаада биринчи жолу жашыл көчөттөрдү тамчылатып сугаруу тутуму ишке ашырылды.

Аталган тармактын жардамы менен Эркиндик бульварында отургузулган гүлдөр сугарылууда. Тутумдун аянты 1 гектарга жетет.
 
Шаар мэри Кубанычбек Кулматовдун айтуусу боюнча, аталган тармак сугат суусунун сарпталышын бир топ кыскартат.


«Бул тутумду иштетүү менен көчөттөрдү сугарууда жаӊы технологияларга өтүп жатабыз. Мындай ыкма менен сугарууда суу төрт эсеге аз коротулат. Суу мурдагыдан жоготууларсыз, так берилет. KICB банкына тамчылап сугаруу тутумун орнотууга финансалык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыразычылык билдирем»,- деди мэр.


Бөдрөтчүлөрдүн айтуусунда, тамчылап сугаруу тутуму  бир жуманын ичинде орнотулган. Тутумдун  жабдуучуларынын айтымында  ар бир 20 см сайын атайын тешикчелери бар төрт камералуу шлангдар Турцияда жасалган.


Биринчи май районунун акими Аскербек Алиев бул багыттагы иштер улана берет деп белгиледи.


 Кийинки тамчылатып сугаруунун узундугу 300-400 соткага жетет.