Калаада Эл аралык балдар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 27.05.2015 18:37
Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаарынын ИИББ менен биргеликте ОБСЕ борборунун колдоосунда Ленин атындагы эски аянтта «Келечек, Камкордук, Коопсуздук” аталыштагы иш-чара болуп өттү.
Акцияга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Мелис Турганбаев, вице-мэр Айгүл Рыскулова, ШИИБнын башчысы Кашкар Жунушалиев катышты.
Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова Балдарды коргоо күнү менен куттуктап, бүгүнкү уюштурулган иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи.
Кезегинде Ички иштер министри Мелис Турганбаев балдардын коопсуздугун камсыздоо жана ырайымсыз мамиле менен күрөшүү милициянын милдети экенин баса белгиледи.
Иш-чаранын алкагында “Атам, апам жана мен – спорттук үйбүлө” спорттук конкурсу уюштурулуп, “Милиция балдардын көзү менен” асфальтка сүрөт тартылды, ошондой эле, бий жана музыкалык номерлер тартууланды.
Иш-чарага калаанын ар кайсы мектебинен 2 миңдей окуучу катышты. Балдарга белектер- футболка, кепка, балмуздак, суусундуктар таратылып, театралдык көрсөтүүлөр берилди.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
27.04.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |