ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов районунда Эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган фестиваль болуп өттү

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда Свердлов райондук администрациясы Эл аралык балдар күнүнө арналган “Күн нуру баарыбызга бирдей тиет” аталыштагы балдар чыгармачылык фестивали өткөрүлдү.

Свердлов райондук администрациясынын башчысы Айнагүл Чылабаева жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты  Адиса Имангазиева балдарды куттуктады.


Фестивалга №21 мектеп-интернатында тарбияланган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 260 бала, дүлөйлөр үчүн атайы билим берүү мектеп-интернатынан 330 бала, №30 көмөкчу мектебинен 175 бала чакырылды. Ошондой эле, райондун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган 504 бала чакырылды.


Концертке жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары, музыкалык мектептер, адистештирилген мектеп-интернаттарынын окуучулары, №124, №48 адистештирилген мектепке чейинки мекемелер, райондун балдар чыгармачылык борборунун балдары катышты.


Кыргыз эстрада ырчылары Динара Акулова, Жаннета Бобкова, Султан Каримов, замира Мавлянова балдарды куттуктап, ырдашты.