ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада бош орундар жарманкеси өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы “Бишкек” ЭЭА менен биргеликте жумушсуздар жана кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрү үчүн бош орундар жарманкесин өткөрдү.

“Бишкек” ЭЭАнын көргөзмө залында жумушсуздар жана кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрү үчүн 28 мекемеден 200 бош орундар сунушталды. Сунушталган бош орундардын көпчүлүгү жеңил өнөр жайга тиешелүү. Бул себептен жарманкеге кесиптик лицейлердин жана Уыргыз-Түрк кыздар лицейинин бүтүрүүчүлөрү чакырылды.


Жарманкени Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин башчысынын орун басары Алмазбек Асанбаев ачып, бардыгына ийгиликтерди каалады.


Белгилей кетсек, “Бишкек” ЭЭА иш берүүчүлөрү  аталган иш-чарага катышууну каалагандыктарын билдиришти.


Андан кийинки сөздү “Бишкек”  ЭЭАнын башкы директору Орозбек Нусувалиев сүйлөп, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен мекемеде бош орундарга жумушсуздарды орноштуруу боюнча кызматташарын билдирди.


“Бишкек” ЭЭАнын бош орундарынан  тышкары, бардык каалоочуларга Бишкек шаары боюнча 3000 ден ашык бош орундар сунушталды.


Ошондой эле министрлик жарандарга чет өлкөлөрдө — Түштүк Кореяда, Бириккен Араб Эмираттарында жана Орусияда жумуш табуу боюнча маалымат берди.


Жарманкеге 500 дөй адам катышты. Анын ичинен 160 кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрү.