ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи вице-мэр Замирбек Малабеков Малазиядан келген делегация менен жолукту

Бишкек шаарынын мэриясында биринчи вице-мэр Замирбек Малабеков менен Путраджай (Малазия) шаарынын мэриясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Малазиялык делегациянын курамында Путраджай мэриясынын корпоративдик байланыш боюнча департаментинин башчысы Тенку Айна бинти Тенку Исмаил Шах жана аталган департаменти башкармалыгынын башчысы  Хайрул Фаизи Хоруш.


Жолугушуунун жүрүшүндө Путраджай өкүлдөрү Бишек мэриясынын делегациясын шаардык мадания жамаат менен  2015-жылы октябрда өтө турган Ислам маданияты Үчүнчү Эл аралык фетивалга катышууга чакырды.


Фестивалда Кыргызстан маданияты боюнча төмөнкү сунуштар  каралган: улуттук бий, ырлар, музыкалык жамааттардын чыгармалары, дизайнерлер жана туризм тармагынын өкүлдөрү.


Жолугушуунун жыйынтыгында 2014-жылдын 8-августта Путраджай шаарынын мэриясы менен Бишкек шаарынын мэриясынын кабыл алган протоколдун негизинде кызматташууну улантыла берерин билдиришти.