ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаа башчысы Кубанычбек Кулматов Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума менен жолукту

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума менен жолукту.

Жолугушууда Бишкекте Ислам маданий борборун  курууга  жер бөлүп берүү талкууланды. Ошондой эле, кайрымдуулук иштерин жүргүзүү белгиленип өттү.


Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума калаа башчысы Кубанычбек Кулматовго ыраазычылык билдирип, мындай жолугушуулар маанилүү экендигин белгиледи.


«Бизди кабыл алганыңызга ыраазычылык билдирем. Бүгүнкү жолугушууда эки тараптын кызматташуусу бекемдейт деген ойдомун. Эки өлкөнүн маданий карым-катнашты түзүү менен маданий борборду куруу эки тарап үчүн маанилүү. Долбоор бир гана диний иштерди камтыбайт. Бул долбоордо спорт зал, мектеп, китепкана, жыйын залдары жана башкалар каралган. Бир гана мусулмандар үчүн деген туура эмес. Бардык жарандар үчүн»,-деди элчи.


Өз кезегинде  Кубанычбек Кулматов бир эле жолугушуу менен бул маселе чечилбестигин белгиледи.


«Биз алгач Тышкы иштер министрлигине, президенттик аппаратка кат жиберели. Биргеликте иш алып баруу керек. Андан кийин дагы бир ирет отуруп сүйлөшөлү»,-деди мэр Кубанычбек Кулматов.


Жолугушууга вице-мэр Бакытбек Дүйшембиев, Бишкек башкы архитектуранын башчысы Бакыт Абдиев, Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Исаков катышты.