ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь райондук администрациясы башаламан соода менен күрөшүү иштерин жүргүзүүдө

2015-жылдын башынан бери райондук администрация райондук ички иштер башкармалыгы, Жергиликтүү аймактык башкармалыктар менен биргеликте башаламан соода менен күрөшүүнүн алкагында 43 соода түйүндөрү алынды.

Башаламан соода менен күрөшүү район башчысы Болот Алымкуловдун  жашоочулар менен жолугушуусунда тургундардын  арызынын негизинде жүргүзүлүүдө.


Арыздар азыркы күнгө чейин түшүүдө.  Ишкерлер тарабынан тоскоолдуктар көрсөтүлгөндүгүнө карабастан Октябрь районунда башаламан соода менен күрөшүү улана берет.


Бүгүнкү күндө төмөнкү объектилер алынуунун алдында:


1.     «Асанбай» кичи району,  Токомбаев көчөсү боюнча;
2.     «Асанбай» кичи базарынын аймагында   21 объект алынып салынды;
3.     № 6 кичи району, Юнусалиев көчөсү боюнча  - 5 Обьект;
4.     № 12 кичи району - 2 обьект;
5.    Тунгуч кичи району – 5 обьект;
6.     №10 кичи району,  Камская көчөсү боюнча - 2 обьект;
7.     № 5 кичи району - 1 тандыр;
8.     Дайыра Асанов атындагы сейил багында  - 7 обьект.