ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов районунда жарандык коргоо кызматтарынын үйрөтүүлөрү болуп өттү

Свердлов райондук администрациясынын башчысы Айнагүл Чылабаеванын жетекчилиги астында жарандык коргоо кызматтарынын штабдык үйрөтүүлөрү  болуп өттү.

Аталган үйрөтүүлөр 2015-жылга бекитилген жарандык коргоого даярдоо планына ылайык «Жер титирөөнүн натыйжасында пайда болгон өзгөчө кырдаалдар учурунда жарандык коргоо органдарын башкаруу» темасында өткөрүлдү.


Үйрөтүүлөрдүн жүрүшүндө катышуучулар калаанын жана райондун жарандык коргоону башкаруу органдары менен, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруусу райондордун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрү менен өз ара аракеттешүү суроолорун иштеп чыгышты. Ошондой эле, жер титирөө учурунда же жер титирөө коркунучу пайда болгон кезде байкоо жүргүзүү жана лабораториялык көзөмөл тармагынын уюмдары менен авриялык-сактоо жана шашылыш иштерин жүргүзүүдө, иш-чараларды координациялоо маселелерине да көӊүл бөлүштү.


Мындан тышкары,  «Дордой» жана «Дордой-2» конуштарында 20 конуш тургуну жана 1 экскаваторду колдонуу менен ачык коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо жана калыбына келтирүү боюнча практикалык иш-чаралар өткөрүлдү.

 

Жыйынтыгында 20дан ашуун үйлөр суу каптоого учурабайт.


Үйрөтүүлөр Свердлов районунун аймагында үстүбүздөгү жылдын 19-майдан 21-майга чейин өткөрүлдү.