Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Жукеев-Пудовкин көчөсүндө көчмө жыйын өткөрдү
- Подробности
- Опубликовано 18.05.2015 10:42
Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү жолду оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Жыйынга вице-мэр Бакыт Дүйшембиев, Октябрь районунун акими Болот Алымкулов, Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Канчоро Ажекбаров жана «China Road» бөдрөтчү-компаниянын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө калаа башчысы кытай компаниясынан жолду оңдоо иштерин тездетүүнү жана сентябрь айына чейин бүтүрүүнү талап кылды.
Шаар мэри Жукеев-Пудовкин көчөсүн оңдоо үчүн чоң каражат бөлүнгөндүгүн жана шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн 24 саат бою иштеп, белгиленген убакытта бүтүрүү керектигин белгиледи.
«China Road» компаниясынын жетекчилери жолду кайрадан куруу иштери сентябрь айында жыйынтыкталарын айтышты.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
21.04.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |