ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Энелер күнүнө арналган концертте Россия эстрада жылдыздары катышты

Борбордук “Ала-Тоо” аянтында Энелер күнүнө арналган майрамды Россия эстрада жылдыздары Николай Басков, Жасмин, Филипп Киркоровдун катышуусунда майрамдык концерт өткөрүлдү.

Концерт Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгесинде өттү.


Нөшөрлөгөн жамгырга карабастан, концертке көп адамдар чогулуп, ырахаттануу менен угуп жатышты.


Коноктор менен бирге калаа тургундары үчүн кыргыз эстрада ырчылары да ырдады.


Кандайдыр бир себептер менен концертке келе албагандарга 17-майда саат 23.05те Коомдук телеканалда көрсөтүлөт.


Энелер күнү Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин 2012-жылдагы  жарлыгы менен май айынын ар үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет.