ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Урматтуу шаар тургундары! Апалар, эжелер!

Сиздерди Энелер күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Дүйнөдө энеден ыйык, улуу нерсе жок. Бейиш – эненин таманы алдында деп бекеринен айтылган эмес. Эне – үй-бүлөнүн куту, берекеси, шам чырагы. Өмүрдүн башаты. Мээримдүү апа, сүйүктүү жар болуп коломтонун отун өчүрбөй, үйбүлөлүк түйшүк менен кошо коомдук иште да оор жүктү көтөрүп келет.


Эне баарыбыз үчүн эң жакын, эң кымбат адам.  Энедей бизге эч ким дем бербейт. Биздин ар бир ийгилигибизге сүйүнүп, кыйынчылык учурда колдоп, келечегибиз үчүн жанын берет.


Энелер күнү Кыргызстанда 2012-жылы Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен киргизилип, май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленп келет.


Калаанын ар бир районунда Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүп, бул майрамды көп балалуу апаларга жана “Баатыр Эне”, “Эне Даңкы” сыйлыгы менен сыйлангандарга арнадык.
Ошондой эле, Бишкектин борбордук аянтында кыргыз эстрадасынын жана россиянын белгилүү ырчыларынын катышуусунда өткөрүлгөн майрамдык концертке күбө болуудабыз.


Ардактуу шаар тургундары жана коноктор!
Сиздерди дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм. Сиздерге бекем ден соолук, жаркыраган маанай, тунук асман, зор бакыт каалайм.