ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май райондук администрациясы Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрдү

Биринчи май райондук администрациясы тарых музейинин имаратында Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрдү.

Чакырылган конокторду райондук администрациянын башчысы Аскербек Алиев куттуктады.


“Урматтуу апалар! Сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Ар бириңиздер өлкөнүн керегине жараган балдарды өстүрүп, тарбиялап келесиздер. Сиздерге бекем ден соолук, кажыбас кайрат каалайм”,-деди Аскербек Алиев.


Куттуктоо сөзүнөн кийин чакырылган энелерге белектер тапшырылды.


Майрамдык иш-чара кыргыз эстрада жылдыздарынын жана бий жамааттарынын катышуусунда концерттик программа менен тартууланды.


Жалпысынан райондук иш-чарага 160 адам чакырылды. Алардын ичинен – 27 эне “Эне Даңкы” 133 эне “Баатыр Эне” медалы менен сыйлангандар.


“Баатыр Эне” жана “Эне Даңкы” медалы менен сыйланган энелерге Биринчи май райондук администрациясы көңүл буруп, медициналык кызматтарды жана социалдык жактан жардам көрсөтүп келет.