ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов райондук администрациясы Энелер күнү менен куттуктады

“Достук” ресторанында Свердлов райондук администрациясы Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрдү.

Иш-чара “Баатыр Эне” жана “Эне Даңкы” медалы менен сыйланган энелердин урматына арналды.


Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Свердлов райондук администрациясынын башчысы Айнагүл Чылабаева жана Бишкек шаардык кеңештин депутаты Бурулуш Усупова чакырылган энелерди майрамы менен куттуктады.


Салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларына кыргыз эстрада жылдыздарынын жана Свердлов районунун Балдар чыгармачылык борборунун жамаатынын катышуусунда майрамдык концерт тартууланды. Ошондой эле, концерттин соңунда баатыр энелерге акчалай сыйлыктар тапшырылды.


Бүгүнкү күндө Свердлов районунун аймагында “Баатыр Эне” медалы менен сыйланган 126 эне жана “Эне Даңкы” медалы менен сыйланган 34 эне жашайт.