ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада кызылча жана кызамыкка каршы Улуттук кампаниянын II этабы башталды

12-майдан 15-майга чейин калаада кызылча жана кызамыкка каршы 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарды эмдөө боюнча Улуттук кампаниянын II этабы өткөрүлөт.

Эпидемиялык абалды  турукташтыруу үчүн  кызамык жана кызылчага каршы Улуттук эмдөө жүргүзүлөт.


12-майда №6-шаардык  ҮМБда медицина кызматкерлери менен Октябрь районунун  мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин башчылары, ата-энелик коомчулук, Саламаттык сактоо департаменти жана райондук администрациянын өкүлдөрү менен жолугушуу  өткөрүлдү.


№6-ҮМБнын директору жана адистер 1 жаштан 6 жашка чейин кызылча жана кызамыкка каршы Улуттук кампаниянын II этабы жөнүндө кененирээк маалымат беришти.


Медицина кызматкерлери мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин башчылары жана ата-энелерге эмдөө жүргүзүүгө активдүү катышуусун суранышты.  


Эскерте  кетсек, 7ден 20 жашка чейинки жарандарга,  саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине кызылча жана кызамыкка каршы Улуттук кампаниянын I этабы 16-марттан 28-мартка чейин өткөрүлдү.