ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь акимиаты жеӊиштин 70 жылдыгына арналган митинг-реквием өткөрдү

Октябрь районунда, Советтер Союзунун батыры Д. Асанов атындагы сейил багында Улуу Ата-Мекендик согуштун жеӊишинин 70 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Октябрь районунда жашап жаткан 300дөн ашуун адамдар-ардагерлер, согуштун катышуучулары, тылдын эмгекчилери, Ленинград блокадачылар, курман болгондордун жесирлери жана үй-бүлөлөрү, Бишкек мэриясынын Октябрь райадминистрациясынын башчысы Болот Алымкулов, Кыргызстан Республикасындагы Россия Федерациясынын, Таджикистандын жана Өзбекстан  Республикасынын элчилери чакырылган.


Митинг-реквием Жеӊиш мемориалына гүл коюу менен башталып, Октябрь райадминистрациясынын башчысы Болот Алымкуловго сөз берилди. Район башчысы куттуктоо сөзүндө Улуу Ата-Мекендик согушка 360 миӊден ашуун кыргызстандыктар катышкандыгын айтты. Өсүп келе жаткан муун курман болгондордун жеӊишке жетүүгө кошкон салымын эсине сактап жүрүшү керек. Ардагерлерди куттуктап жатып, көрсөткөн эрдиктери үчүн ыраазычылыгын билдирип, чыӊ ден соолук каалап кетти.

Ошондой эле,  Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько дагы ардагерлерди куттуктады.


Митинг-реквием Октябрь районунун мектеп окуучулары даярдаган концерттик программасы менен коштолуп , райондун социалдык кызматы тарабынан ардагерлерге белектер берилди жана салтка айланган аскердик буламык менен аяктады.