ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ленин райондук администрациясы жеӊиш күнүн белгилөөгө арналган митинг-реквием өткөрдү

Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеӊишинин 70 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында мэриянын Ленин райондук администрациясы Советтер Союзунун эки жолку баатыры Талгат Бегельдиновдун эстелигинин алдында митинг-реквием өткөрдү.

Аталган митинг-реквиемге Казакстан Республикасынан келген Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери катышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө бардык келген коноктор жана катышуучулар Советтер Союзунун эки жолку баатыры Талгат Бегельдиновду жана согуш учурунда каза болгон баардык аскерлердин элестерин эскеришти.


Маалымат: Талгат Бегельдинов Акмола областында 1922-жылдын 5-августунда туулган. Болочок учкучтун бала жана өспүрүм  кези Бишкекте өткөн. 16 жашында аэроклубга окууга түшкөн. Бегельдинов 1943-жылы январь айында Калинин фронтуна келип, 296-дивизиянын 800-штурмдук авиациялык полктун Ил-2 штурмовигин башкарат. 1944-жылы октябрь айында ага лейтенант Бегельдиновго Знаменка жана Кривоград шаарларын бошотууда көрсөткөн эрдиги жана согуштук чеберчилиги үчүн  жана душмандын төрт учагын атып түшүргөндүгү үчүн Советтер Союзунун баатыры наамы ыйгарылган. Андан тышкары Бегельдинов Берлин салгылашуусуна катышкан. 1945-жылы 27-июнда Талгат Бегельдиновго Советтер Союзунун Баатыры наамы экинчи жолу ыйгарылган.


Баардыгы болуп Талгат Бегельдиновдун 305 согуштук учушу болгон. 1945-жылы Кызыл аянттагы Жеӊиш Парадына катышып, биринчилерден болуп кыйраган вермахтын туусун Кремль дубалына таштаган.