ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек – Кыргыз Республикасынын борбору

Тарыхы

Азыркы шаардын аймагында адамдар эң байыркы заманда эле отурукташкан. Аламүдүн ГЭСтеринин жанынан табылган таш эмгек куралдары Бишкектин айланасында алгачкы адамдар биздин заманга чейин 5-4-миң жылдыктарда жашагандыгын далилдейт. Биздин заманга чейин 2 миң жылдыктын аягында азыркы шаардын аймагында коло доорунун уруулары жайланышкан. Алар малчылык, дыйканчылык, карапа өндүрүшү жана металлургиялык өнөрчүлүктөрдү аркалап келишкен.

Темир доорунун башталышы менен Кыргызстандын аймагында сак (б.з.ч.7-3-к.) жана усун (б.з.ч. 3-к. - б.з.ч. 5-к.) уруу бирликтери түзүлгөн. Бишкек шаары өзүнүн пайдалуу географиялык абалы менен Улуу Жибек Жолуна милдеттүү. Байыркы убактан баштап кербендер Кытайдан эки каттам менен өтүшкөн. Иле Ала-Тоосунун ыңгайлуу жериндеги жолдун чыгыш бутагы (Кордай аркылуу) Чүй өрөөнүнө чыккан жана бул жактан Ысык-Көлдүн жанынан Борбордук Тянь-Шань аркылуу өткөн башка жол менен кезиккен. Дал ушул жолдордун кесилишинде байыртадан көпөстөр үчүн эс алуу жайы болгон кербен-сарай жайгашкан. Бул жер тилкеси эзелтеден кыргыздардын солто уруусуна таандык экендиги тарыхый белгиленген. Бул жерлердин жолдорунда адатта жандуу соода жүргүзүлгөн.

Бирок, жердин бул баалуу жер тилкеси басып алуучулардын көңүлүн тарткан, аларды басып алууга азгырган. Сан жеткис ордолор эки жолдун кесилишине жакындаганда, жергиликтүү жашоочулар тоого качышкан деген аңгеме сакталган. Бирок, көчүп кетүүнүн алдында бир баатырдын аялы кымызды көптүрүү үчүн чалгычты (кыргызча – бишкек) жоготуп алып, аны издеп жатып кармалып калат. Ал кош бойлуу болгондуктан, абдан кыжырланганынан, төрөт мезгили келип, эркек бала төрөйт. Анын атын Бишкек деп коюшат. Ал абдан эр жүрөк жана күчтүү жигит болгон. Анын жашоосу эрдиктерге жана такыба иштерге толгон. Ал каза болгондо, аны Аламүдүн суусунун жээгиндеги дөбөгө көмүшкөн.

Заманбап чыгыш автобекети менен Ысык-Көл кинотеатрынын ортосунда Бишкек – мүрзө үстүндөгү күмбөзүн туугандары жана достору тургузган. Бул күмбөздү XVII-XVIII кк. улуу саякатчылар көрүп, сүрөттөшкөн. Бул кер аяктуу тоо агымдарынын суу аралыгында байыркы убакта эле элдер отурукташкан. Бишкектин аймагында Улуу Жибек Жолу жашоо жана бакубатчылык берген үч шаардын калдыктары табылган.

Бирок, XVI кылымда Батыш жана Чыгыш - эки цивилизациянын ортосунда соода жана маданий байланыш толугу менен үзүлгөндүгү тарыхта калган. Легендалуу “жибек жол” жашоосун токтоткон, шаарлар жок болгон. Согуштар, чума эпидемиясы, жер титирөөлөр гүлдөп жаткан Чүй өрөөнүн чөлгө айлантты. Шаар жашоосу башка көнүмүштөргө – бир жерде отурукташууну талап кылбаган көчмөндөрдүн жашоо көнүмүшүнө алмашылды. Укмуштуу сарайлар жана күчтүү чептер, көңүлдүү жана ызы-чуу соода жана өнөрчүлүк кербендер урап кеткен дөңгө айланган же такыр эле жер менен теңелген. Ала-Арча жана Аламүдүн сууларынын аралыгындагы Чүй өрөөнү жүз жылдарга кыргыздардын кырк уруусунун бири болгон солто уруусунун жайыты болуп калган.  Жети-Суулук кыргыз жана казак жайлоолору аркылуу Борбордук Азиядан Кытайга өткөн сейрек кездешүүчү соода кербендери бул таш жерлерди жандандырып турган.

Аламүдүн жана Ала-Арча сууларынын аралыгы көптөгөн булактарда ыйык жер катары эсептелет. Дем берүүчү жана дарылоочу суу менен булактар эскерилет, башка кызыктуу фактылар да келтирилет. Ошол үчүн бул жерлер көптөгөн элдер үчүн өзгөчө баалуу жана кызыктыруучу болуп калган. Ушуга байланыштуу байыртадан бул жакта форпосттор, кербен-сарайлар, чептер пайда болгон. Кокон чеби пайда болгонго чейин бир белгилүү аталыш, кыштак же айыл – Жал деп аталган.

Бирок убакыттын жазылган булактары менен сүрөттөлгөн Кокон хандыгы суу аралыгындагы аймакты басып алган жана Мадали хандын буйругу боюнча 1825-жылы бул жакта Пишпек чеби курулган.

Кокондуктарга соодагерлердин жана көчмөндөрдүн жүрүүсүн көзөмөлдөө керек болгон. Бишкек чеби Ысык-Көл жана Жети-Суу жолун бойлото кышкы жайыттан жайкыга көчмөндөрдүн жолдорунун түйүнүндө турган. Ушул эле чепте, кокондуктар бажы салыктарын бардык кербендерден чогултушкан. Эркиндикти сүйгөн солтолор, жол башчысы Байтик Баатыр баш болуп, Бишкек чебин бир нече жолу басып алып, талкалашканга аракет кылышкан. Бирок артиллерия жетишпей калган. Кокондуктар күчтүү гана болбостон, арамза да болушкан. Чепте, мисалы, атактуу кыргыз үй-бүлөлөрүнөн башы барымтага кармалгандар, анын ичинде Байтик Канаевдин да баласы кармалган. 1862-жылы солто уруусунун жогорку жол башчысы Байтик Канаев кокондуктарга каршы көтөрүлүш чыгарып, сепилдин коменданты Рахматулланы, анын 60 адамдан турган коштомо күзөтүн жок кылат жана орус артиллериясынан жардам сураганга, Верный шаарына чабарманды жөнөтөт.

1862-жылдын 13-октябрында Ала-Тоо округунун начальниги Г.А.Колпаковский 1400 адамдан турган отряд жана артиллерия менен чепти толугу менен курчап алууну баштаган. Ушул эле жылдын 24-октябрында кокондуктар багынышкан. 2-ноябрда орус отряды чептин калдыктарын таштап, Верный шаарына кеткен. Кокондуктардан өч алуу үчүн Байтик Баатырдын буйругу боюнча кыргыздар чептин калдыктарын таптакыр талкалашкан. Байтик Баатырдын ысымы менен биздин борбор шаарыбыздын борбордук көчөлөрүнүн бири аталган (Совет көчөсүнүн бөлүгү). Кыргыздар 1863-жылы Алайга чейин Россияга кошулушкан. Омсктогу генерал-губернаторлукта Россиянын курамына кирүү жөнүндө келишимге кол коюлган. Өлкөдө өз алдынча башкаруу белгиленет. Чүй өрөөнүндө жана Бишкек чебинин урандыларынын жанында падыша администрациясынын көзөмөлү алдында бир катар шаардык жана дыйканчылык кыштактар пайда болот.

1868-жылы – Лебединовка, Ново-Покровка айылы жана 50 үй-бүлө Пишпек өзөнүндө почта трактынын сызыгында отурукташат. Ошентип, ташкент жолу келечектеги Пишпек уезддик шаарынын биринчи көчөсү болуп калды. Пишпек – бул орус офицер-топографтары Бишкек жеринин кыргызча аталышын туура эмес угуп калгандыгы.

Пенза, Самара, Воронеж, Тамбов губернияларынан биринчи орус дыйканчыл үй-бүлөлөр, алгач жер тамдарды жана кепелерди куруу менен, өзүлөрү үчүн тракт жолунун жээгиндеги короо-жай участокторун тандап алган. Биринчи жайгашкандарга Ташкенттен, Намангандан жана Өзбекстандын башка жерлеринен соодагер-өзбектер кошулган. Аламүдүн суусунун жээгинде ошондой эле кедей кыргыздар, малы жана короо-жайы жок өзбектер, мындан сырткары Бишкек кокон чебинин мурунку гарнизонунун үй-бүлөлөрү жашашкан. 1876-жылы Пишпекте 58 үй-бүлө – 182 эки жыныстагы адам, анын ичинде 94 аял жашаган. Улуту боюнча жашоочулар төмөнкүчө бөлүнүшкөн: 9 орус үй-бүлө, 48 өзбек жана 1 татар үй-бүлө.

Ошол кездеги Пишпек бир гана өзүнүн абдан жолдуу жайгашкандыгы жана почтасы бар болгондугу үчүн крайдагы орус-украина кыштактарынын негизги массасынан айырмаланган. Пишпек чебинин өзү талкаланган, ал эми анын байыркы дөбөдөгү курулмаларын керексиздиги үчүн жер менен теңдештиришкен. Кыргыздардын жерлеринде аскерди бекемдөөнүн кажети жок болгон, себеби эки элдин ортосунда мамилелер тынчтык негизинде болгон. Чептин дубалынан чопону алгачкы отурукташуучулар өз курулмалары үчүн алышкан, ошентип биринчи көчө – Ташкент көчөсү түзүлгөн. Кокондуктардын бир мезгилдеги каардуу бастиону көптөгөн кылымдардын сырын жашырган тынчтык дөбөсүнө айланган.

Жети-Суулук бийликтер Кочкордо же Көтмалдыда (Балыкчы ш.) Кыргызстандын түндүк уезддик бакшаруусунун борборун негиздөөнү долбоорлогон, бирок түркестандык генерал-губернатор 1870-жылы Жети- -Суу боюнча сапарынан кийин, өзүнүн тандоосун Пишпекке токтоткон. 1878-жылдын 29-апрелинде уезддик башкаруу Пишпекте жайгаштырылган.

“Кайра болжолдонгон Пишпек шаарынын долбоордук жайгашуусунун планы” – Европалык типтеги шаарлардын курулмалары 1878-жылдын 31-августунда Жети-Суу областынын аскер губернатору генерал-лейтенант Г.А.Колпаковский тарабынан бекитилген. Өз негизинде жөнөкөй пландоо айлана-чөйрөгө ылайыктуу келген. Анын шахмат тартибинде бөлүнгөн көчө тору арык тармак түзүлүштөрүнө жана көчөлөрдү табигый желдетүүгө жагымдуу болгон. Ала-Арча жана Аламүдүн сууларынын аралыгындагы шаардын тыгыз бириккен аймагы сейсмикалык жактан жагымдуу райондордун бири катары жайгашкан. Пишпектин алгачкы курулуш базасы өтө жөнөкөй болгон, жада калса кыш заводу да жок болгон. Бир катар үйлөр сөңгөктөрү капчыгайлардан тоо суулары менен агызылган көп кылымдуу тянь-шань карагайларынан курулган, үйлөрдүн көбү эле чоподон жасалган. Орус, украина, молдавалык отурукташуучулар жергиликтүү жашоочулардан үй куруунун азиялык ыкмаларына үйрөнүшкөн. Шаар чоподон жасалган, бирок аны пландоо өз маңызында келечектүү болуп чыкты. Бул орус шаар куруу искусствосун өнүктүрүүнүн салыштыргыс эң жогорку баскычы менен европалык типтеги шаарлардын бири болгон. Бул пландоонун салттары азыркы Бишкекте да сакталып, өркүндөтүлгөн.

Ошол кичинекей чоподон жасалган Пишпектин бирден бир кооздугу болуп кыргыз Ала-Тоосунун сонун панорамасы саналган. Анын эң бийик чокулары Ала-Арча жана Аламүдүн сууларынын аралыгында муз ансамбли менен көтөрүлүп турат. Ал кезде өрөөн кандай болгондугун, 19-кылымда аскер топографтары менен бул жерлерге экспедицияга чыккан орус офицеринин жана атактуу сүрөтчү В.В.Верещагиндин чоң эмес сүрөттөрүнөн көрсө болот. Бул кичинекей шедеврлер, кыргыз тарыхынын күбөлөрү Г.Айтиев атындагы КМКСМда көргөзмөлөнгөн.

Пишпектин экинчи кооздугу бакчалар жана сейилбактар болуп калды. Шаар жарым чөлдө негизделгенине азыркы учурда ишенүүгө кыйын. Буга Ф.Поярковдун “...ар кайсы жакта чачылган бир нече кепелер, ...ал эми алардын артында андан ары алыскы мейкиндикте ээн, тукумсуз өлгөн, кум жана таш менен кызыган талаа...” сөздөрү далил болот.

Шаардын администрациясы, жөнөкөй шаардыктар Пишпекти – шаар-бакчасына айлантканга бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшады. Шаардын ар бир тургуну үйүнүн жанына көчө бойлото 25тен кем эмес бак отургузган, ар бир келген көпөс соодасынан түшкөн кирешеден Пишпекти жашылдандырууга каражаттарды бөлүп берүүгө милдеттенген. Эң мыкты бакчы-сүйүүчүлөрдүн бириНамангандан чыккан Селим Раимбаев болгон, анын 19-кылымдын 40-жылдарында эле Аламүдүн өзөнүндө кенен бакчасы бар болчу жана кийин пишпектик жаңы отурукташуучуларды мөмө-жемиш бактары жана талдары менен камсыз кылган.

Өлкөдө маданий бакчылыктын жана жасалма токой өстүрүүнүн пионери, 1881-жылы Кара-Жыгач токоюн негиздеген, пишпетик окумуштуу-бакчы А.Н.Фетисов болгон. Ошол мезгилде эле, көчөлөрдүн жана аянттардын биринчи пландоолору жүргүзүлгөн, турак үй, казына имараттары жана казармалары үчүн, ошондой эле соода, темир жана башка өнөрчүлүк жайлары үчүн жерлер бөлүнгөн.

19-кылымдын аягында  20-кылымдын башында Пишпекте 40 көчө  (катуу төшөлмөсүз жана тротуарсыз), 6 ири аянт (көрктөндүрүлбөгөн жана кир) болгон. Шаардык статусту алуу Пишпектин өсүшүнө жол берген. Пишпекте кустардык-өнөр жайлык мүнөздөгү алгачкы ишканалар 19-кылымдын 2-жарымында пайда болгон. 1883-жылы булгаары заводу иштей баштаган, 1885-жылы сыр-быштак өндүрүшү уюштурулган. Пишпекте жана уездде бардык бийлик уезддик начальникте болгон, ал эми 1895-жылдан тартып шаардын чарбасын падыша бийлигинен көз каранды болгон пишпектик буржуазиядан турган коомдук өз алдынча башкармалык башкарган. Улуттук чет элдердин маданиятын өнүктүрүүнү чектөөгө багытталган падышачылык саясатка карабастан, Пишпекте биринчи жолу маданий-агартуучу мекемелер, мектептер, дарылоо жайлары пайда болот.

Шаардын тарыхында эстен кеткис изди прогрессивдүү орус интеллигенциясынын өкүлдөрү калтырган. Алардын ичинде – биринчи фельдшер В.М.Фрунзе, 1885-жылдын 21-январында анын үй-бүлөсүндө баласы Михаил – келечектеги партиялык, мамлекеттик жана аскердик ишмер төрөлгөн; кыргыз бакчылык мектебин жетектеген окумуштуу бакчы А.М.Фетисов.

Уезддик администрациянын чиновниктери тарабынан башкарылган дөөлөттүү үй ээлеринен жана соодагерлерден турган чарба комитети түзүлгөн. Шаарга катарлаш келген жерлерди болуш башкарууну Узбек Бошкоев  - атактуу Байтик Баатырдын жээни жана генерал Черняевдин Ташкентке болгон аскердик жүрүшүнүн катышуучусу жетектеген. Узбек Бошкоев ошондой эле азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн идеялык негиздөөчүсү Абдыкерим Сыдыковдун чоң атасы болгон. Шаар соодалык болгон, бирок бул жакта да өзүнүн интеллигенциясы болгон: Терентьевдердин үй-бүлөсү, врач Ф.В.Поярков, фельдшер В.М.Фрунзе, гимназиянын мугалими К.Ф.Свирчевский, ирригатор Васильев жана башка бул жерге европалык цивилизациядан мыктыларды алып келгендер. Шаар аркылуу атактуу саякатчылар: И.В.Мушкетов, Н.М.Пржевальский, Дельмаз Морган, Капю, Бонвало, Бланк бул жерден өтүп, токтошкон. Ушул эле убакта кыргыз интеллигенциясы да көтөрүлгөн. Ири кыргыз соодагерлеринин жана өнөр жай ээлеринин балдары орус гимназияларында жана университеттеринде окушкан. Шаар телеграф жана почта аркылуу европалык цивилизация менен туруктуу байланышка ээ болду. Пишпек бардык контитентти ээлеген ошол эле тарыхый окуяларга кошулду. Биздин шаар совет бийлигин тынчтык жолу менен биринчилерден кабыл алгандыгы кокусунан эмес. Россия империясынын четинде Октябрь революциясынын маанилүүлүгүн жакшы түшүнүшкөн.

Россияда 1917-жылы февраль окуяларынан кийин, падыша Николай I тактан танганда, алыскы Пишпекте 1917-жылдын 31-мартында Пишпек солдат, офицер жана жумушчу депутаттар кеңеши түзүлгөн. Шаарда жана уездде большевиктер тобу да күчтүү болгон. 1918-жылдын 1-январында Пишпек кеңешинин төрагасы болуп большевик Г.И.Швец-Базарный (шаардын биринчи советтик мэри) шайланган, Бобордук Советтик бийликти таануу жөнүндө токтому кабыл алынган.

Бирок 1917-жылдын декабрына жакын бардык Жети-Суу ак казактардын козголоңу менен камтылган. 1917-жылдын 14-декабрында ак казактардын жана Беловодск айылынын солчул эсерлеринин куралдуу отряддары Пишпекке кирип келип, батыш бөлүгүн ээлеп алышкан. Ак казактарда “өз алдынча казак орустар суу аралыгындагы республикасын” большевиктерсиз, падышасыз, томаяктарсыз жана кыргыздарсыз түзүүнүн алыска кетчү пландары болгон. Жана Ташкент менен Верныйдын (Алмата ш.) ортосундагы жолдо жайгашкан Пишпек тынчтык шаары бул пландарды жүзөгө ашыруу үчүн “теше сайган таш” болгон.

Шаарды Түндүк Жети Суу фронтунан келген Я.М.Логвиненконун жетекчилиги алдындагы 1-Пишпек полку коргогон. 28-декабрга карата бардык уезд контрреволюционерлерден тазаланган. Эл бийлиги үчүн күрөшүүдө биринчи курман болгондор 1919-жылдын 1-январында Пишпек шаарынын борборуна, бир мезгилде “Советтер бийлиги үчүн” урааны менен митинг өткөн, Николаев чиркөөсүнүн жанындагы эмен сейилбагына көмүлгөн. Азыр төрт замбирек менен чоң эмес дөбөдөгү боордош көрүстөнүндө 2 метр гранит обелиски көтөрүлүп турат.

Революция менен көтөрүлгөн Кыргызстандын бардык калкы жаңы жашоого киришти. Совет бийлиги орногондон кийин бир нече күндөн соң, 1917-жылдын 16-ноябрында В.И.Ульянов (Ленин) тарабынан кол коюлган “Россия элинин укуктарынын декларациясы” чыгарылган. Декларацияда Россия элинин теңчилиги жана эгемендүүлүгү, алардын өзүн өзү аныктоого укуктары жана бөлүнүшүнө чейин салтанаттуу жарыяланган.

Кыргызстандын бардык алдыңкы адамдары чоң шыктануу менен бул көз карандысыз мамлекеттүүлүктү түзүү мүмкүнчүлүгүн кабыл алышты. Кыргыз интеллигенциясынын мыкты акылмандары бул идеянын практикалык ишке ашырылышына жандуу катышты. А.Сыдыков, И.Арабаев, Д.Сооронбаев жана башкалар 1917-жылы жайында, Октябрь революциясына чейин эле, кыргыз мамлекеттүүлүгү идеясын так жол-жоболоштуруу үчүн биригишет. Өз идеяларынын үзүрлөрүн бардыгы көрө алган жок. 20-30-жылдарда жашыруун, оор ички саясий күрөшүүдө чоң Союздун улуттук мамлекеттик бирикмелери түзүлүп жатты.

Эң негизгиси, бул укмуштуудай адамдардын кыялы орундатылды. Бара-бара чоң аракеттер, ошону менен бирге көтөрүлгөн улуу акыл-ой менен кыргыз мамлекеттүүлүгү түзүлгөн, азыркы экономика калыптандырылган, кыргыз маданияты өнүккөн. Бир нече он жылдыктын ичинде Кыргызстан феодализмден чыгып, жаңы коомго кадам таштап, заманбап цивилизациядагы өзүнүн татыктуу ордун ээледи.

Ал эми улуу кайра жаралуунун саясий жана экономикалык борбору мурунку кичинекей уездик шаар Пишпек болуп калды.

1924-жылдын 14-октябрында Пишпек – Кара-Кыргыз автономиялуу областынын борбору болду. 1926-жылдын 1-февралында Пишпек – Кыргыз АССРнин борбору болуп калды. Ал эми 1926-жылдын 12-майында СССР БАКнын Президиуму  Пишпек шаарын Фрунзе шаары деп бекитти. 1936-жылдын 5-декабрынан баштап Фрунзе – Кыргыз ССРнин борбору болуп калды. Фрунзе – кубаттуу көп тармактуу өнөр жайы, мыкты өнүккөн механизацияланган айыл чарбасы менен гүлдөгөн шаар болуп саналат. Революцияга чейин ал тургай айылдыкындай жолдору болбогон мурунку түнт кыштак асфальтталган шосселер менен, темир магистралдар тармагы менен төшөлдү. Көк асманда республиканын борбору болгон ФрунзешаарынМосква, Ленинград, Свердлов, Новосибирск жана башка союздун мурунку шаарлары менен бириктиргенжергиликтүү жана союздук аба жолдорунун трассаларытөшөлдү.

Кыргыз элинин илими жана искусствосу көрбөгөндөй өнүгүүгө жетишти, анын адабияты жана кинематографиясы бүткүл дүйнөгө таанылды. Кыргызстан эмгекчилеринин жашоо шарты ченемсиз деңгээлге өстү. Революцияга чейин эч кандай жашоо шарты болбогон мурунку көчмөн-малчылар жана алардын кийинки мууну азыр эң сонун заманбап шаарларда жана айылдарда, цивилизациянын бардык жетишкендиктерин пайдалануу менен жашап жатышат. Республиканын эмгекчилери жараткан улуу кайра жаралуулар элдеги жаңы, биздин өлкөнүн 80ден ашык улуттун өкүлдөрү бир үй-бүлөдөй жашап жана эмгектенип жаткан, боордош интернационалдык кызматташтыктын тажрыйбасы менен байытылган мыкты, кылдаттыкта сакталган улуттук салттары өнүккөн жана сонун үзүрүн алып келген азыркы республиканын тиричилигинин кооз сүрөттөлүшүн түзгөн социалисттик чындык көрүнүшүнө гана тийиштүү болгон жаңы сапаттарды аныкташат. Конституцияга ылайык,  Кыргыз Республикасы -  укуктук дин аралашпаган мамлекеттин башталышында курулган, көз карандысыз биримдиктүү демократиялык республика. Анын борбору – Бишкек шаары.

1991-жылдын апрелинде ССРдин Жогорку Совети Фрунзе шаарынын аталышын өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алган. Шаарга анын байыркы биринчи аты кайтарылып берилди.

Бишкек бүгүнкү күндө

Бүгүнкү күндө Бишкек – Кыргыз Республикасынын борбору, жан дүйнөсү жана жүрөгү, анын саясий, экономикалык, илимий жана маданий борбору, негизги унаа түйүнү. Азыркы учурда биздин шаарыбыз жаңы жашоого толугу менен умтулууда. Ал эркин ишкердик шарттарда алга карай кайра түзүлүүдө. Аймактын аянты – 160 кв. км., калкынын – 1 миллионго жакын адамга жетет.Бишкек – республиканын мамлекеттик бийлигинин жогорку органдары, чет өлкөлүк мамлекеттердин элчиликтери жайгашкан жер. Бишкекте Кыргызстандын бардык өнөр жайынын көпчүлүк бөлүгү орун алган. Эң эле жигердүү өнүгүп жаткан өнөр жай тармактары болуп машина куруу, текстиль өндүрүшү, курулуш материалдары жана тамак-аш өнөр жайлары болуп эсептелет. Шаардан 30 км. аралыкта жайгашкан  «Манас» Эл аралык аэропорту келечекте Батыш Европанын, Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Азиянын, Жакынкы жана Алыскы Чыгыштын, Океан мейкиндигинин, Түндүк Африканын ортосунда  аба жолу аркылуу билдирүү үчүн ири транзиттик портко айлануу мүмкүнчүлүгү бар. Кыргызстан жана Кытай өкмөттөрү тарабынан аба коридору тууралуу жакында кол коюлган  макулдашуусу, ошондой эле жапон жана немис фирмаларынын «Манас» аэропортун реконструкциялоого берип жаткан ири инвестициялары буга далил болуп саналат.

Шаардын маалыматтык инфратүзүмү жигердүү түрдө өнүгүп жатат: бир нече Интернет-провайдерлер иштеп жатат, көп сандаган локалдык, глобалдык, корпоративдик эсептөө тармактары түзүлдү, уюлдук байланыштардын бир катар операторлору иштеп жатат.

Шаарда Mersedes-Benz, Audi-VW, Sumitomo, Federal Express, DHL, UPS, LG-Elektronics, Daewoo, Phillips, Siemens, Panasonic, Reemtsma, Coca-Cola ж.б. ири эл аралык фирмалардын өкүлчүлүктөрү бар.

Банк тутуму өзүнө 21 банкты камтыйт, алар чет өлкөлүк ири банктар менен корреспонденттик мамилелерде байланышат. Бир нече банк VIZA жана EVROPAY эл аралык эсептешүү тутумуна кирет. Накталай эмес эсептешүүлөрдүн улуттук тутуму түзүлгөн.

Илим жана билим берүү Улуттук Илимдер Академиясы жана көп сандаган орто жана жогорку окуу жайлар тарабынан жүргүзүлөт. Шаарда 18 университет, 20 институт, 9 академия бар.

Бишкек – Кыргызстандын улуттук маданиятынын борбору. Анда музыкалык жана драмалык театрлар, Филармония, китепканалар, музейлер жайгашкан. Шаар жылдын бардык мезгилинде эң сонун болуп турат.

Бишкек Кыргызстандын эл аралык туризм борбору болуу менен туристтерге көптөгөн ажайып жайларды тартуулай алат. Калаа конокторунун жана туристтеринин эс алуучу, сейилдөөчү эң башкы жана сүйүктүү жайы – бул Бишкектин борбору болуп саналат. Бул жерде музейлердин, галереялардын, дүкөндөрдүн, сейилбактардын, гүл бакчалардын, аянттардын, ресторандардын жана кафелердин көпчүлүгү орун алган.

Саясатчылардын жана банкирлердин, ишкерлердин жана студенттердин, окумуштуулардын жана артисттердин шаары – келечекке умтулган. Ал өлкөбүздүн гербинде чагылдырылып, бүт Кыргызстанга канатын жайган ыйык ак шумкарга окшошуп турат.

Климаты жана жаратылышы

Бишкек деңиз деңгээлинен 760 метр бийиктикте, кыргыздын Ала-Тоо кыркаларынын этегиндеги Чүй өрөөнүнүн борборунда жайгашкан. Бишкек климаттык шарты боюнча жай кенендиктеги климаттын континенталдуу областындагы четки түштүк жагын ээлейт. Күндүн тийишинин бир айлык узактыгы июль айына туура келип, ал – 322 саатты, ал эми эң аз тийиши декабрга туура келип, ал – 126 саатты түзөт. Бишкектин климаты кескин континенталдуу болуп саналат, абанын жылдык орточо температурасы +10,2 0С болот. Эң суук ай - январь (-4,7 0С ), эң жылуу ай – июль (+24,5 0С ) болуп саналат. Абанын бир айлык орточо салыштырмалуу нымдуулугу июнда жана июлда 44%дан баштап, мартта 74%га чейин өсөт, жылдагы орточо нымдуулук – 60%ды түзөт. Бир жыл ичинде 322 күн ачык болот. Шаар аркылуу Ала-Арча, Аламүдүн суулары жана Чоң Чүй Каналы (ЧЧК) агып өтөт.

Жылдын орточо температурасы    -   +10,6 С0

Шамалдын жылдык орточо ылдамдыгы  -   1,7 м/с

Абанын жылдык орточо нымдуулугу  -   60%

Флора жана фауна

 

Шаардын жаныбарлар дүйнөсүнүн негизин палеарктикалык ландшафттын маданий фаунасынын типтүү өкүлдөрү түзөт. Сүт эмүүчүлөрдүн негизгилери жарганаттар (эргежээл-нетопырь, кечки кожан), чычкан түркүмүндөгү кемиргичтер (үй чычкандары, боз келемиштер). Чет жактардагы жерлерде жер казгычтар, токой чычканы, жөнөкөй талаа чычканы, сейрек-таажылуу кум чычкандары, арс чычкандар, кулактуу кирпилер жүрүшөт. Сейилбактарда жана гүл бакчаларда акклиматташкан тыйын чычкан-телеуткалар үйүрлөшкөн. Шаар чегинде 100дөн ашык түрдөгү куштар кездешет, алардын ичинен 30дайы уялашат. Уялагандардын көп саны таранчылар (үй, талаа), бактектер (кичи, жөнөкөй), чабалекейлер (карлыгачтар, сары белдүү), кара таркылдак, чыйырчыктар. Аз санда уялагандар ак кула токой ак чымчыгы, борбаш-куу, жашыл чымчык, байкалбас жылкычы чымчык, чоң сары чымчык, князёк, жаргалдак, ала чымчык, боз чымын кармагыч, кыргый короолуу, сасык үпүп. Аябай аз сандагылар түкүргүч, карлыгач, топулуу торгой, булбул, козодой ж.б. Мезгилдик жер которууда  калаага короолу, пеночка, боз таркылдак, боз чымчык, кызгылт чыйырчык, боз чымчык (кичине чымчык), калтырак чымчык, токой чымчыгы, сары баштуу торгой, үрпөк баш, кызыл куйрук, күкүк, жылкычы чымчык ж.б. келишет. Кыштагандар негизинен боз карга, чыйырчык, таан. Кыштагандардан бир аз жапалак үкүлөрдүн тобу кездешет. Айрым убактарда кыргый-карчыгалар да кышташат.  Куштар менен сүт эмүүчүлөрдүн жыштыгы анча көп эмес. Суу-кургакта жүрүүчүлөрдөн  жашыл бакалар, көлмөлөрдөгү жана борбор азиядагы кур бакалар кездешет. Бакалар четтеги көлмөлөрдө жашашат. Шаар чекесине чектешкен жерлерде саймалуу жана суу жыландары да кезигет. Суу-кургакта жүрүүчүлөрдүн жана сойлоочулардын саны жашоо-тиричилик шарттарынын начарлашына жана аларга түздөн-түз аңчылыкка чыгып жатышкандыктан кемүүдө. Шаар четиндеги айрым каналдарда жана көлмөлөрдө елец, ит чабак, кызыл канат, чабак, маринка, сазан, боз ит чабак, сом, чүй тикен, амур чабактары ж.б. жашашат. Алардын айрымдары балык кармоо сүйүүчүлөрүнүн объекттери болуп саналат.